Чүй казыятынын кызматкерлери Ысык-Ата районунун имамдарына жыйын өткөрүп, мечиттердин санитардык абалдары менен жеринде таанышышты


Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун тапшырмасы боюнча, казынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов жана Чүй казыятынын фатва бөлүм адиси Бектен ажы Зарылбеков, Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков жетектеген район имамдарына жыйын өткөрүп, мечиттердин санитардык абалдары менен жеринде таанышышты.

Иш-чара алкагында мечитке келип-кетүү эрежелери, убактылуу КМДБ тарабынан бекитилген талаптарды так сактоо жана келерки окула турган жума намазын өткөрүү маселелери каралды. Имамдарга намаз окууга келген жарандарга сылык мамиле көрсөтүп, мечиттерибиздин ачык боюнча калуусу ар бир жарандын колунда экенин түшүндүрүү тапшырмалары берилди.

Ошондой эле Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдырахманов менен да жолугушуу болуп, эртеңки жума намазды өткөрүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

«Аллах Таалам мечиттин берекесин кайрадан насип этип, өтө чоң нээматын тартуулап жатат. Биз бул нерсеге миң-мертебе шүгүр келтирүүгө милдеттүүбүз. Шүгүрчүлүктү тил менен эле эмес, балким талаптарга баш ийүү, мечиттерди таза кармап, кадырлоо менен да көрсөтөлү. Мындан ары мечиттерибиздин эшиги ачык бойдон калуусу биздин колубузда», — деди казынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов.

Эске сала кетсек, бир канча күн мурун Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов Москва районунун мечиттерин жеринде текшерилип, имамдарга жыйын өткөргөн.