Талас облусунда учурдагы кырдаалга байланыштуу жыйын болду

Коронавирус илдетин алдын алуу максатында Талас облусунун казыятында казыят мүчөлөрү жана шаар – райондордун баш имам хатибтеринин катышуусунда кезектеги жыйын өттү. 

Жыйында жарым жылдык иш пландар жана Муфтият тарабынан көрсөтүлгөн мечиттерге келүү тартиби, санитардык талаптарды жергиликтүү имамдарга түшүндүрүү боюнча маселелер катталды.

Облус казысы Таалай ажы Бапиев мечитке кирүүдө талаптарды так сактоого чакырды.

“Аталган тартип бир гана Талас шаарында эмес бардык райондорго да жеткиликтүү болуусу шарт. Кырдаал курчуп турган учурда ар бир адам өз ден соолугуна кайдыгер карабай айткан талаптарды толук аткарууда жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам”, — деди Талас облус казысы Бапиев Таалай ажы.