Чүй районунун борбордук мечити Жума намазга жааматты тосуп алууга даяр

Чүй облусуна караштуу Чүй районунун борбордук «Шабдан Ата» мечити Жума намазга жааматты тосуп алууга даяр. Бул тууралы Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев билдирди.

Анын айтымында, Токмок шаарынын Санэпидемстанция кызматкери Каныбек Сапаров жардамчылары менен келип, мечиттин ичин, айланасын, дааратканаларды толугу менен дезинфекциялашты.

«Кудайым буюрса Жума намазга жааматты тосуп алганга даярбыз. КМДБ тарабынан бекитилген тартиптер толук сакталат деп ишенебиз. Учурдан пайдаланып жалпы мусулман мекендештерибизди талаптарына баш ийип, мындан ары мечиттердин эшиги ачык бойдон калуусуна салымдарын кошууга чакырам», — деди Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев.

Эске сала кетсек, 8-июндан тарта өлкөбүздөгү мечиттердин ишмердүүлүгүн улантуусуна уруксат берилип, бир канча талаптар коюлган. Учурда Чүй казыяты тараптан мечиттер текшерилип, бардык имамдарга тиешелүү буйруктар берилген.