Ак-Талаа районунун хатибияты битир-садакадан түшкөн каражатка кайрымдуулук көрсөттү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун хатибияты тарабынан Рамазан айында чогултулган битир-садакадан түшкөн каражатка муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Рамазан айында чогултулуучу садака-битирден жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай түрүндө таратып берилгендигин Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев маалымдады.

Ошондой эле учурдагы кырдаалдан улам өткөн жылга салыштырмалуу садака-битир аз топтолгонун белгиледи. Жалпысынан тизмеде катталган,

«Жардамга муктаж болгон 13-үй-бүлөгө 500 сомдон тапшырып, жалпы 6500 сомдой каражат кетти. Урматтуу бир туугандар садака-битир бергендерге дуба кылып, алардын берген кайрымдуулуктарын Алла Таалам тилеген дубаларыңыздарды кабыл кылган болсун»,- деди Акылбек Эсеналиев