Чүй облусундагы мечиттерде Жума намазына даярдыктар көрүлүүдө

Жума намазга жарандарды тосуп алуу үчүн, Чүй облусундагы борбордук мечиттерде дезинфекциялоо иштери жана КМДБ тарабынан бекитилген талаптарды аткаруу жааматка ыйгайлуу болуусу үчүн атайын даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй казыятынын маалымат бөлүмүнө, райондордун баш имам хатибтери билдиришти.

Алгачкылардан болуп Чүй районунун «Шабдан Ата» борбордук мечити, Кант шаарынын «Джами-Джадид» борбордук мечити, Токмок шаарындагы «Шакирхан Төрө» жана «Достук» мечити, Жайыл районунун борбордук мечиттери дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.

Чүй казыятынын тапшырмасына ылайык, КМДБ тарабынан бекитилген бардык талаптар так  аткарылуусу үчүн жергиликтүү жааматтан атайын ыктыярчылар имамдарга көмөк көрсөтүшмөкчү.

«Буюрса облус боюнча даярдыктар өтө жакшы. Чүй казыяты тараптан имамдарга тапшырмалар берилип, облустагы мечиттердин көпчүлүгү жеринде текшерилген. Чыккан буйруктарга баш ийип, мечитке келген элдин саламаттыгы үчүн кам көрүп жаткан имамдарга, жергиликтүү санэпидемстанция кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз», — Чүй казыятынын катчысы Бактияр Азим.