Баткен облусунда карантинден кийин алгачкы ирет жума намазы санитардык талаптарды так сактоо менен өткөрүлдү

Бүгүн, Кыргызстанда карантинден кийин алгачкы жума намазы окулду. Баткен облустук мусулмандар казыяты,облус аймагындагы жума намаздарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте санитардык талаптарды так сактоо менен өткөрдү.
Жума намазына келгендердин беп капсыз киригизилген жок. Адистер тарабынан дене табы текшерилип, антисептик каражаттары сүртүлгөн соң мечитке киргизилди. Жарандар 1.5 метр аралык сакталды.
Намаз окулуп бүткөндө мечитте көп кармалбай,кол алышып учурашпай тарап кетишти.Ал эми намаздан соң санэпидкөзөмөл кызматкерлери тарабынан мечит толук децинфекцияланды.
Баткен шаарынын борбордук «Нуьмани» мечиттинде уюштурулган намазга облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов катышып, мечитке келгендерди эрежени туура түшүнүп, так сактагандыгы үчүн коомчулукка ыраазычылыгын билдирди.
«Бүгүн жума намазын жамаат менен окууну насип эткен жаратканга мактоолор болсун. Тартиптерге баш ийип туура түшүнүү менен кабыл алган коомчулукка жана санитардык эрежени сактоого көмөк көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө, Баткен облустук ооруканасына, санэпидкөзөмөл кызматкерлерине ыраазычылык билдирем.Жараткан дуба тилектерибизди кабыл кылып тез күндө бул илдеттен арылууну насип кылсын»,— дейт облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов.