Ысык-Көлдө жума намазы санитардык-сактык эрежелерин сактоо менен өткөрүлдү

Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык өлкө аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу, бүгүн, 12-майда Ысык-Көл облусундагы мечиттерде жума намазы окулду.

Жума намазын өткөрүүдө Муфтият тарабынан берилген талаптар сакталып, эрежелер эске алынды.

Мечитке келгендер үчүн беткаптар таратылып, аралыкты 1.5 м сактоо, кол алышып учурашпоо, мечитке көпкө кармалбастыгы эскертилди.