Нарында жума намазында бардык талаптар сакталды

Бүгүн, 12-июнь күнү Нарын облусунун аймагындагы бардык мечиттерде жума намаздары санитардык талаптарды аткаруу менен окулду.

Жума намазын өткөрүү үчүн атайын топ түзүлүп келген жарандардын дене табы текшерилип, бет кап тагынып кирүүсүн, антисептик каражаттарын колдонуу менен мечиттерге киргизилди.

Жума намазды өткөрүүгө мечиттер саат 13:10до ачылып, жумага келген жарандарга имамдар тарабынан учурдагы кырдаалга байланыштуу тартиптерге баш ийүү, сабырдуулук жана ынтымакка чакыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жума намаз 13:45те толугу менен окулуп бүтүп, келген жарандар тарап кетишти.

Мындан тышкары, буга чейин 8-июндан тартып Муфтият тарабынан атайын даярдалып чыгарылган «Covid-19 дарттан сактануу үчүн 10 насаат» китепчеси намазга келген жарандарга таркатылып берилди.

Эскерте кетсек, Республикалык ыкчам штабынын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынганына байланыштуу 8-июндан тартып Нарын облусундагы мечиттердин бардыгы санитардык сактык чараларын толук сактоо менен ачылды.