Самидин каары Атабаев: Жамаатыбыз айтылган эрежелерди туура кабыл алышууда

Бүгүн, 12-июнь күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин катышуусунда казыяттын борбордук мечитинде жума намазы Муфтият көрсөткөн талаптардын негизинде окутулуду.

Анда мечитке келген ар бир момундун дене табы текшерилип, андан соң антисептик каражаттар колдонулду. Ал эми жергиликтүү жамаат көрсөтүлгөн санитардык талаптардын өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн экенин түшүнүү менен кабыл алып,  талаптарды так сактай алышты. 1,5 метр аралыктар сакталып, беткаптар тагылды. Ошодой эле намаз  окулуп бүткөн соң кол алышып учурашпастан, заматта таркап кетишти.

«Чындыгында өтө оор сыноолорду башыбыздан өткөрүүдөбүз. Учурда өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн көрсөтүлгөн талаптарды так жана туура аткаруудабыз. Жамаатыбыз туура кабыл алып, эрежелерди так аткарууда», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.