Намазда сапка туруунун өкүмү

Хикмат менен бир эшикти жаап, андан соң рахмат менен анын ордуна эки эшикти ачып берүүчү Жараткан Алла Таалага чексиз мактоолор болсун! Үммөтүнүн биримдигин жана ден-соолугун бардык нерседен өйдө деп билген сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага Алланын саламы жана ырайымы болсун!

Дээрлик үч ай бою мечиттерде беш убак намаз жана жума намазын окубай, мечитке жана жамаат менен намаз окууга болгон сагынычыбыз, кусабыз толуп ташып, буюрса мына жума намазын окуйбуз деп шайланып турган чагыбыз.
Албетте пандемиядан кийинки алгачкы жума намазы пандемиядан мурунку намаздардан айырмаланып бир топ талаптардын негизинде болмокчу. Ал талаптардын бири, намазга сап алып турганда ар бир намаз окуучунун экинчиси менен аралыгы 1,5 метрден кем болбостугу. Мындай абалда намаз окуунун бидъат экендигин жана намаз бузулуп калуусун байма-бай айтып коомчулуктун үшүн алгандар да четтен чыга баштады.

Төмөндө ханафий мазхабы боюнча мына ушул маселеге таандык өкүмдөр менен мусулман коомчулугун кабардар кылып коюуну туура көрдүк.
Албетте намазда турганда сапты тегиз алуу жана анда бош орун калтырбай туруу намаздын көркү жана кемели. Анткени Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам):

عن أبي هريرة — رضي الله عنه — أن رسول الله — صلى الله عليه وسلم — قال: (أقيموا الصف في الصلاة؛ فإن إقامة الصف من حسن الصلاة)؛ متفق عليه. («إقامَةَ الصَّفِّ»، أي: تَسويَةَ الصُّفوفِ بألَّا يكونَ فيها اعْوجاجٌ)

Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Намазда турганда сапты түз алгыла, анткени сапта түз туруу бул намаздын көркү”, деп айткан. Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты.

Намазда сапты түздөөдөн максат: астыңкы сапты толтуруп, анан экинчисинен сап алуу да түшүнүлөт. Анткени сапта турганда намазкөйлөр бир-бирине жакын, бош орун калтырбай туруусу алыс туруудан абзел.

وعَنْ أَنسٍ رضي الله عنه أَنَّ رسولَ اللَّهِ ﷺ قَالَ: رُصُّوا صُفُوفَكُمْ، وَقَاربُوا بَيْنَها، وحاذُوا بالأَعْناق، فَوَالَّذِي نَفْسِي بيَدِهِ إِنَّي لأَرَى الشَّيْطَانَ يَدْخُلُ منْ خَلَلِ الصَّفِّ، كأنَّها الحَذَفُ حديث صحيح رَوَاهُ أبُو دَاوُدَ

Анасдан (разияллоху анху) риваят: Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): “(Намазда) сапты түз алгыла, сапта бир-бириңерге жакын тургула, моюнуңарды (көкүрөгүңөрдү) тегиздегиле. Жаным колунда болгон Затка ант ичип айтамын, албетте мен кичинекей козуга окшоп саптын бош калган арасынан кирип алган шайтанды көрөмүн”, деп айтты”. Имам Абу Давуд риваяты.

Көрүнүп тургандай намазда сапты түз алуу жана бош орун калтырбай тыгыз туруу намаздын көркү болуп саналат. Демек, намазда сапты түз жана тыгыз алуу шарият тарабынан кызыктырылган буйрук (амрон маргуубан-важиб эмес). Кээ бир аалымдарыбыз муну сүннөт амал дешкен болсо да жумхур аалымдар мустахаб деген.
Фикх китептерибизде:

وَ (كُرِهَ) الْقِيَامُ خَلْفَ صَفِّ وُجِدَ فِيهِ فُرْجَةٌ (مُخْتَصَرُ الْوِقَايَةِ)

Астыңкы сапта бош орун боло туруп, арткы сапка туруу макрух болот (Мухтасарул викоя).
Жогорудагы айтылган сөздөрдөн түшүнүлө турган нерсе, атайылап намазда сапты түз жана тыгыз албаса макрух болот. Ошондо да намаз батыл болбойт (бузулбайт).
Олуттуу зарылдык шариятта тыйылган неселерди кылууга уруксат берет (шиддатуз зоруурати тубийхул махзууроот). Оорунун жугуусундагы кооптуулук, сапты тыгыз алуудан олуттуу. Анткени сапты тыгыз алуу намаздын көркү, рукну же шарты эмес. Болгону имам жана ага уюгандар бир жайда болсо жетиштүү.

يقول الإمام الكاساني رحمه الله: (ولو اقتدى بالإمام في أقصى المسجد والإمام في المحراب جاز؛ لأن المسجد على تباعد أطرافه جعل في الحكم كمكان واحد) [بدائع الصنائع (1/ 145)].

Имам Каасаний (рахимахуллах) айтат: “Эгер бир адам мечиттин бир бурчунда туруп алып мехрабта турган имамга ыктыда кылса болот. Анткени мечит бүт айланасындагы алыскы бурчтары менен биригип бир жай өкүмүн алат”. (Бадааиъус Санааиъ)

Андыктан зарылдык болгон учурда саптагы тыгыздыкты таштоо макрух эмес, намаз да бузулбайт. Бирок сапты түз алууну таштоого себеп да үзүр да жок. Албетте бул нерсе убактылуу. Зарылдык кеткенде кайра сапты тыгыз алуу өз өкүмүнө кайтат.

Анан дагы айта кетчү нерсе: Урматтуу мусулмандар! Мечитке келүүдөгү талаптарды так аткаралы. Көчөдөгү, базардагы жана коомдук транспорттордогу абалды мисал кылуу бизге жарашпайт. Себеби тазалыкты, тартиптүүлүктү жана итааткөйлүктү башкалар бизден үлгү алуусу керек. Мечиттен башка жайдагы адамдардын тартиптерге жана талаптарга амал кылбай жатканын биз өзүбүзгө мисал кылып, биз да алардай боло берели да дей албайбыз.

يَا نِسَاءَ النَّبِيِّ لَسْتُنَّ كَأَحَدٍ مِنَ النِّسَاءِ ۚ إِنِ اتَّقَيْتُنَّ فَلَا تَخْضَعْنَ بِالْقَوْلِ فَيَطْمَعَ الَّذِي فِي قَلْبِهِ مَرَضٌ وَقُلْنَ قَوْلًا مَعْرُوفًا ﴿٣٢﴾

Эй, пайгамбардын аялдары! Силер катардагылардан (жөн эле аялдардан) эмессиңер. Эгер такыбалык кылсаңар, (кумарлангандай) өтө назик сүйлөшпөгүлө. Анда жүрөгүндө дарты барлар (мунафык эркектер) силерге кызыгып калуусу мүмкүн. Ошондуктан (баары менен) каадалуу сүйлөшкүлө. (Ахзаб, 32)

Мен бул Куран аятын эмнеге мисал келтирдим. Анткени биз мусулмандар да өзүбүздү башкаларга теңеп албайлы. Жогоруда айтылгандай бүт жакшылыкта баарына үлгү бололу. Себеби мусулмандар мүдүрүп кетсе экен, үстүнөн тебелеп кетсек, деген канча дин душмандары аңдып турат. Аларга эч качан мындай мүмкүнчүлүктү бербейли. Алардын мусулмандарга болгон жаман күмөнүн өзүбүздүн тартиптүүлүгүбүздү көрсөтүү менен жокко чыгаралы.

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Мединага хижрат кылгандан кийин Меккелик мушриктер менен Мединадан келип умра кылууга келишим кылат. Мусулмандар Меккеге келгенде, Меккелик мушриктер Каабаны бошотуп берип, өздөрү обочороок дөңсөөлөрдө аларды күзөтүп турушкан. Алар бир-бирине: “Азыр көрөсүңөр, булар Каабаны үч айланбай жыгылат, анткени буларды Ясрибтин (Мединанын) чиркейи чага берип алсыз кылып салган”, деген шылдың сөздөрүн, тагыраак айтканда күмөндөрүн угуп-билип калган Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) сахабаларына Каабаны айлануудагы алгачкы үч айланууну балбан жүрүш менен аткарууну буюрат. Мындай кылганын ибадатка эч кандай тиешеси жок. Бирок мушриктердин жаман күмөнүн жок кылуу үчүн гана ушундай кылууга буюрган.

Андыктан биз да башкалардын «диндарлар түркөй, тазалыкты жана тартипти сактоону билишпейт, ылаң дагы ушулардан жайылат», деген жаман күмөнүн жокко чыгаралы. Тазалыкты сактоо жана таритпке баш ийүү кандай болоорун башкаларга көрсөтүп коёлу. Мечиттерге келгенде, мечиттин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө баш ийели.

Жогоруда айтканыбыздай, булардын баары убактылуу. Буюрса жакшы күндөр алдыда. Алла Таала баарыбызды ошол жаркын күндөргө жеткирсин, жалпы жумулай-журттан атың өчкүр ылаңды алыс кылсын! Жергебизге тынчтык, бейпилдик, элибизге ынтымак, биримдик жана бакубат жашоо берсин! Жумаңыздар маарек болсун!

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев.