Баткен облусунун мурунку казысы Юсуп ажы Балтабаевдин сөөгү Москва шаарында жерге берилди

Баткен облустук мусулмандар казыятынын мурдагы казысы Юсуп ажы Балтабаевдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-июна Москва шаарында өткөрүлдү. Ага маркумдун жакын туугандары, мекендештер жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев катышты. Юсуп ажы Балтабаевдин жаназасын Сүйүнбек ажы Жусубалиев окуп, акыркы убактарда Россияда каза болгон жарандардын сөөгүн кичи мекенинде алып кетүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилеп, маркумдун кай жерде көзү өтсө, сөөгү ошол жерде коюлса шариат жол берээрин баса белгиледи.

«Казынын сөөгү Москвадагы көрүстөндөрдүн биринде коюлду. Аллах Таала  ыйык Куранда айткандай “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156). Юсуп ажынын  үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин. Жаратканыбыз маркум Юсуп ажыны Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан  тилейбиз»-деди Сүйүнбек ажы.

Эскерте кетсек, Балтабаев Юсуп Анарбаевич 1969-жылы 5-январда Баткен районунун Таш-Тумшук айылында төрөлгөн.

• Египет мамлекетиндеги Аль-Азхар университетинде билим алган.

• 2012-2015-жылдары Баткен облусунун казысы болуп эмгектенген.