Ысык-Көл облустук казыяты муктаждарга фитир-садака таратууда

Рамазан айында чогултулган фитир-садака муктаж болгон үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге таратылып берилүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков билдирди.

Рамазан айында чогултулган фитир-садака, жардамга кол сунган жарандарыбыздын арыздардын негизинде ден соолугуна  байланыштуу дарыланып жаткандарга,  көп балалуу жалгыз бой энелерге, багар-көрөөрү жок картаңдарга таратылып берилди.

«Жардамга муктаж болгон 50 үй бүлөдөн арыз менен кайрылышкан. Ар кимисинин шартына, социалдык абалына жараша карап 1 500 сомдон 4 000 сомго чейин акчалай жардам көрсөтмөкчүбүз»,- деди Алмазбек ажы.

Айта кетсек, учурдагы кырдаалга байланыштуу фитир-садака бул жылы аз топтолгон.