Мектепти аяктап, армияда кызмат өтөп, Ташкентте билимин улантып, кийин «Ал-Азхар» университетин бүткүргөн Нарматов Абдишүкүр Исламовичтин өмүр таржымалы

Нарматов Абдишүкүр Исламович 1968-жылы Баткен облусунун Достук айылында туулган. Атасы Ислам ажы Нарматов өмүрү намазын каза кылбаган намазкөй, такыба киши болгон. Абдишүкүр устаздын кичинекейинен эле динге кызыгы артып, илим-билимге берилүүсүнө такыба атасынын тарбиясы чоӊ таасир берген.

БИЛИМ АЛУУГА БОЛГОН АЛГАЧКЫ КАДАМ:

  • 1985-жылы орто мектепти аяктаган.
  • 1986-88ж.ж. Советтик армияда кызмат өтөгөн.
  • 1989-жылдан 1993-жылга чейин Ташкенттеги «Имам Бухари» Ислам институтунда билим алган.
  • 1993-жылы Египеттеги «Ал-Азхар» университетинен илимин улап, 2000-жылы «Шарият жана укук» факультетин бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

  • 2000-2003-жылдары Бишкектеги «Азирети Умар» Ислам институтунда ректор.
  • 2003-2006-жылдары «Алтын муун» кайрымдуулук фондунда директор болуп иштеген. Кийин кайрадан Кыргызстан Ислам университетине ректор болуп шайланган. Үч жыл «Аалымдар кеӊешинин» төрагасы кызматын аркалаган. Учурда «Аалымдар кеӊешинин» мүчөсү жана Кыргызстан Ислам университетинин ректору.

СЫЙЛЫКТАРЫ:

2010-жылкы Ош коогалаӊында эл достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн «Данакер» ордени менен сыйланган.

ЭМГЕКТЕРИ:

«Жашооӊду өзгөрт», «Бейиш жолу», «Адам адеби», «Багыт», «Насаат» китептеринин автору. Nasaat.kg коомдук агартуу порталынын негиздөөчүсү.

Үй-бүлөөлүү, эки уул, беш кыздын атасы.