Орус, түрк, араб тилдеринде эркин сүйлөп, учурунда бир катар фирмаларда эмгектенген Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Борочоров Жакшылык Айсаракунович

Борочоров Жакшылык Айсаракунович 1968-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн.

БИЛИМ АЛУУГА БОЛГОН АЛГАЧКЫ КАДАМ:

  • 1985-жылы орто мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы Бишкек курулуш техникумуна окууга тапшырган.
  • 1986-1988-ж.ж. Советтик Армиянын катарында Кызмат өтөгөн.
  • 1988-жылы Бишкек курулуш техникумуна кайтып келип, окуусун толук аяктаган.
  • 1992-2000-ж.ж. Түркия мамлекетинин Измир шаарындагы «9-сентябрь» атындагы университетинин теология (дин таануу) факультетин бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

— 2000-2004-ж.ж. «Алга Трейд» фирмасында менеджер.
-2004-2010-ж.ж. «Ворлд Трейд» фирмасында директор.
-2010-2014-ж.ж. Диалог Авразия» фондунда координатор.
-2014-2015-ж.ж. КМДБнын Билим берүү жана социалдык тармактар бөлүмүндө башкы адис.
-2015-2016-ж.ж. КМДБнын Жетектөөчү кадрларды даярдоо Институтунун директору.
— Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын мүчөсү.

Үй-бүлөлүү, 1 перзенти бар.