Жараткандын ырыскысына шүгүрсүздүк кылып, бирөөнүн акысын жеп койбойлу

Жол четинде эки киши нанүшта (эрте мененки тамактануу) кылуу үчүн токтошту. Алардын биринде беш, экинчисинде үч токочу бар эле. Ал учурда аларга бир жигит келип кошулду. Ал олтургандарга салам берди, алар алик алып, аны дасторконго бирге олтурууга чакырышты. Жигит алар менен дасторкондо чогуу тамактанышты. Үчөө биригип сегиз токочту жеп бүтүрүштү. Жолоочу жигит капчыгынан сегиз алтын теңге чыгарып:
-Силерге рахмат, бул акчаны токочуңардын акысына алып койгула – деди.
Берки экөө теңгелерди алып, өз-ара бөлүшүүгө түштү. Келише албай тартышып калышты. Беш токочу бар адам мындай деди:
-Беш теңге мага, үчөөсү сага болуш керек, себеби менин токочум бешөө, а сеники болсо үчөө болчу.
Үч токочу болгон адам буга көнгөн жок, акчаны тең бөлүнүүсүн талап кылып туруп алды. Алардын талашы барган сайын күчөп, бир чечимге келе алышпады. Акырында бир даанышманга барып, болгон окуяны айтышты, талашты адилеттүү чечип берүүсүн суранышты.
Ошондо даанышман үч токочу болгон кишиге жүздөнүп:
-Жолоочу жигит сага үч теңге берип, жоомарттык кылыптыр, неге акчаны албай жатасың? – деп сурады.
-Жок, буга ыраазы болбоймун, өзүмө тийиштүү акымды алууну талап кыламын! – деди ал.
-Өз үлүшүмдү дейсиңби? – деп сурады даанышман. -Билсең эгер, сенин үлүшүң бир теңге гана, калган жетөөсү шеригиңе тийиштүү го.
Неге андай болсун?! Кантип эле мага бир теңге да шеригиме калган жетөөсү…?! Мен үч теңгеге ыраазы болбой жатам го, сиз болсо мага болгону бир теңге бөлүп жатасыз!

Ошондо даанышман баарын бир четтен түшүндүрө баштады.

-Силер үч киши болгонсуңар, токоч болсо сегиз. Ар бир токочту үч кишиге бөлсөк, жалпы жыйырма төрт бөлүк болот. Эгер тең жеген болсоңор, ар бириңер сегиз бөлүктөн жедиңер. Сенин үч токочуң тогуз бөлүк болгон. Анын сегиз бөлүгүн өзүң жегенсиң, бир бөлүгү артып калган. Шеригиңдин беш токочу болсо он беш бөлүк болгон, сегизин өзү жеген болсо, жетөө артып калган. Демек, ошол жолоочу жигитке силер катары сегиз бөлүк тийген болсо, сенден арткан бир, шеригиңден арткан жети бөлүктү жеген. Ошентип, сенин үлүшүң бир теңге, шеригиңе болсо жети теңге тийиш керек. Ишенбесең өзүң эсептеп көр!

Жигит бир аз ойлонуп туруп:
Туура, мен адашыпмын, өкүмгө ыраазымын, — деди.

Жараткандын бизге берген ырыскысына шүгүрсүздүк кылып, бирөөнүн акысын жеп койбойлу!

Даярдаган:

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев.