Бишкек шаарынын имамдарына Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин илимий журналы таратылды

Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаарынын жалпы  имамдарына шаар казысы Садридин ажы Маджитов жыйын өткөрдү.

Айрыкча учурдагы пандемиялык  абалдын талаптарын так аткарууга, ар бир мечитке келген киши медициналык бет кап тагып, дене табын өлчөп жана мечитте 1,5 метр аралыкты бекем сактоо боюнча катуу тапшырмаларды берип, ар бир мечит казынын жеке көзөмөлүндө болоорун эскертти. 

Жыйындын соңунда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан чыгарылган илимий журналды алдыңкы имамдарга таркатып берди.

«Бизде имамдардын милдети өтө чоң болуп эсептелет. Намазга келген жамаатты бекем көзөмөлгө алып, кыска убакытта бул абалдан чыгып кетүүбүз үчүн көп көп дуа кылалы», — деди Садридин ажы.