Базар-Коргон районунда бир кылым болгон мечит заманбап болуп курулууда

Бүгүн, 16-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунуна караштуу Базар-Коргон айыл аймагында  мындан сексен жыл мурун СССР мезгилинде курулган тарыхый мечиттин  эскилиги жеткендигине байланыштуу бузулуп, анын ордуна жаны заманбап үлгүдөгү мечиттин  курулуш иштерди башталды.

Мечиттин курулушун баштоо  иш-чарасына Базар-Коргон райондук администрациясынын өкүлү  Авазбек мырза Палванов, Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Гулийпа айым Сагынбаева, имамдар жана жергиликтүү жамаат  катышты.

Базар-Коргон районунун  баш имам хатиби Тынчтык ажы Шаиков буларга токтолду: 

“Эскилиги жеткен  мечит учурдун талабына жооп бербей калгандыгына байланыштуу, заманбап үлгүдө бардык шарттары бар үч кабаттуу мечит куруунун алдында турабыз. 80 жылдык тарыхы бар эски мечитибизде районубуздун белгилүү имамдары, каарылар кызмат кылышкан. Жаңы мечитибиз дагы кылымдап элибизге кызмат кыла берсин”,-деди баш имам хатиб.

Жаңы  мечитти курууга жалпысынан 70 миң долларды түзүп, Сауд Аравиялык Доктор Саид  демөөрчүлүк кылууда.