«Равза» медресесинин окуучуларынан онлайн түрүндү жылдык сынак алынды


Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Равза» медресесинин жалпы окуучуларынан жылдык сынак жана бүтүрүүчүлөрүнөн мамлекеттик сынак алынды. Бул тууралуу аты аталган медресенин мүдүрү Өскөн ажы Каландаров маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурдагы кырдаалага байланыштуу экзамендердин бардыгы онлайн түрүндө өткөрүлүп, ар бир окуучу бааланып, протоколдор түзүлдү.

Сынакты «Равза» медресесинин устаздары, мүдүрү жана КМДБ тарабынан мүчө болуп бекитилген Фазилжан Сатторов болду.

«Бул дүйнөдөгү сынактар убактылуу гана. Эң негизги сынак Кыямат күнү Кудай Тааланын алдында болот. Биз окуучуларыбызды негизинен ошол Кыямат күнү өтө турган негизги сынактан ийгилктүү өтүп кетишин тилейбиз. Бүтүрүүчүлөрүбүзгө ак жол каалап, келечекте эл-жерине жигердүү кызмат кылат деп ишенебиз», — деди «Равза» медресесинин мүдүрү Өскөн ажы Каландаров.

Эске сала кетсек, «Равза» медресесинде 77 окуучу таалим-тарбия алып келет. Алардын 35и жаш уландар болсо, 42си кыздар. Ал эми быйылкы бүтүрүүчүлөр балдардан 7 жана кыздардан 5 болду.