Чүй казыятынын борбордук мечитинде жыйын болуп өттү

Кечээ, 16-июнь күнү Военно-Антоновка айылындагы Чүй казыятынын борбордук «Хадижа» мечитинде, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир каары Ракиев, БТКнын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов, Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген казыят кызматкерлери жана облустагы баш имам хатибтердин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйын учурдагы абалга байланыштуу мечиттердин санитардык даярдыктары боюнча, мечитке келип-кетүү тартибин так сактоо жана аймактагы колу жука үй-бүлөлөрдөн кабар алуу туурасында болду.

Ошондой эле Рамазан айында чогултулган битир-садаканын сарпталганы тууралуу имамдардан отчет алынып, облустагы бардык имамдар менен да жыйын өткөрүү мөөнөтү белгиленди.

Алгач, эртен 17-июнь күнү чыгыш тараптагы, тактап айтканда Кемин, Токмок, Чүй, Кант, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун имамдары менен Аламүдүн районунда жана батыш тараптагы Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунун имамдары менен жума күнү 19-июнь Токмок шаарында өтмөй болду.

«Чогулуш жемиштүү болуп, ар кандай суроо-жооптор жана сунуштар менен коштолду. Буюрса мечиттерибиздин даярдыгы жогорку деңгээлде. Ал эми битир-садака боюнча облустагы имамдардын бардыгынан отчет алынгандан кийин, иштетилген жерлери тууралуу маалымат чыгат», — деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдурахманов.

Эске сала кетсек, Чүй облусу боюнча 10 хатибиятка бөлүнгөн 400гө жакын мечиттерибиз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.