Талас шаарында жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына белектер жана азык-түлүк таратылды

Талас облустук көк бөрү федерациясынын президенти Жылдыз Музуратбеков Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Талас шаарында турган жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди жана азык-түлүк таратып берди.

Тактап айтканда 65 балага жагымдуу маанай тартуулоо максатында 82000миң сомго белек бечкектерди жана тамак-азыктары тапшырылды.

Буга чейин Жылдыз Музуратбеков бир катар сооптуу иштерди аткарып келет. Алсак, Талас облусу боюнча 6 мечит жана кыздар медресесине бир имарат куруп берген эле.