![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/06/6fc81c1e-bfe5-4467-a29a-ab4ca5fd9598.jpg)
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы борбордук мечитинде толугу менен жугушсуздандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн 17-июнь күнү Нарын облусунун Акталаа райондук өрткө каршы башкармалыгынын 47-чи өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн 1-офицери, 1-айдоочусу, 2 өрт өчүрүүчү жана куткаруучусу, 1-фельдшери өрт өчүрүүчү автоунаасы менен Баетов айылынын борбордук мечитинин имаратынын аймагын жугушсуздандыруу иштерин жүргүзүштү.
«Дал ушундай дезинфекция иш-чараларын жүргүзүүгө райондун баардык мечиттеринин имамдарына тапшырма берилди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен райондогу бардык мечиттердин айланасын дагы жугушсуздандыруу иштери жүргүзүлмөкчү»,- деди баш имам хатиб.