Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов мечиттерде санитардык талаптардын канчалык сакталганын жеринен таанышты

Кечээ, 17-июнь күнү Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов «Мадина» базарында жайгашкан «Мадина» мечитине барып, мечитте санитардык талаптардын аткарылышы менен жеринен таанышты.

Анын айтымында «Мадина» мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыктын, казыяттын коюлган талаптары так аткарылып жатат. Эң негизгиси жамаат да мындай көрүнушкө толук баш ийүүсү зарыл. 

«Мына бүгүн «Мадина» мечитине келип, мечиттеги абал менен жеринен тааныштык. Дене табын өлчөөчү аппарат, антисептикалык каражаттар коюлган жана намазда 1,5 метр аралыкты сактоо үчүн атайын белгилердин орнотулганына күбө болдук. Бул абалдан чыкканга чейин бардык мусулмандарды санитардык эрежелерди так сактоого чакырып кетем»,- деди Садридин ажы.