Таш-Көмүрдө он жылдыктар мечиттин дааратканасын бүтүрүп беришти

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кудук-Сай айылындагы «Хадича бинту Хувайлид» мечитинин имамы Абдурашид Кожокановдун демилгеси менен айылдагы 2010-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр мечиттин дааратканасын бүтүрүп беришти.

Курулушка жалпысынан элүү миң сомго жакын акча сарпталды.
Андан сырткары имамдын сунушу менен айылдын тургундары тарабынан каражат топтолуп, ал ден соолугунан жабыркаган айылдын 2 тургунуна берилди.

“Адамдар каражаттарын туура эмес жактарга сарптоодон сакташ үчүн биз аларга туура, пайдалуу, сооптуу  жолдорду көрсөтүп коюубуз зарыл. Хадисте айтылгандай мал-дүйнөнү кайдан таап, кайда сарптагандыгыбыздан суралабыз,”-деди Абдурашид дамла.