Ноокен районунда кылмыштуулукту алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чара болуп өттү

Кечээ, 17-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кылмыштуулукту алдын алуу максатында иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Ноокен районунун акими Эркин Садырбекович, райондун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты  кылмыштуулукту болтурбоо, алдын алуу, жаштар арасында кылмышка бөгөт коюу, үй-бүлөдө аялдарга, балдарга карата зомбулукту токтотуу.

 “Кылмышты териштирип, айыптууну таап жаза бергенден көрө, кылмыштуулуктун алдын алган жакшы. Алла Таала Ыйык Куранда  айткан: ”Эскерткин, албетте эскертүү момундарга пайда берет”-деп. Биз алдын алып эскерте берели. Ар бир эркек киши үй-бүлөөсүнө жакшы мамиледе болушу керек. Аялы, перзенттери ага берилген аманат”,-деди баш имам хатиб.