Муфтият 90 адамга садака-битир таратты

Бүгүн, 18-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жыл сайын чогултулуучу садака-битирден жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 90 жаранга таратылды.

Муфтият жарандардын социалдык абалын эске алуу менен садака-битир алуу үчүн келгендерди түзүлгөн тизменин негизинде кезек-кезеги менен 3 топко бөлүп, ал атайын түзүлгөн коммиссиянын негизинде КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов түзүлгөн тизме боюнча таратып берди.

  1. Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга (2500 сом, 10 кг ун)
  2. Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (2000 сом, 10 кг ун)
  3. Батирде турган, үй-бүлөлөлүк социалдык абалы начар жарандарга (1500 сом, 10 кг ун) сом өлчөмүндө таратылып берилди.   

Бүгүнкү күнгө карата бул жылы КМДБга садака-битир алуу үчүн 500дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, буга чейин биринчи 70 жаранга тапшырылып берилген.

Жалпы жолунан өлкө боюнча 2020-жылы фитир-садакадан 9,595 528 сом жыйналган. Бул каражаттын 40 пайызы 4, 035 763 сом Муфтияттын эсептик счетуна келип түшкөн. Ал эми 50 пайызы 4, 790 804 жергиликтүү мечиттерде, 10 пайызы 944020 сому облустук казыяттарда калган.