АКнын мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, КМДБнын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов төш белги жана “Ардак грамота” менен сыйланышты

Бүгүн, 18-июнда Бишкекте Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кыргызстандагы COVID-19 илдетинен улам өлкө аймагында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда карапайым калкка, мамлекетке көмөк көрсөтүп, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн демөөрчүлөргө бир катар сыйыктарды тапшырды.

Сыйлык Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматовго «Социалдык коргоонун отличниги» төш белигиси менен сыйланса, Кыргызстан Мусулмандарынын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Дооловго “Ардак грамота” менен сыйланып, аны министр Улукбек Кочкоров өзү тапшырды.

Мындай сыйлык элибизге адеп-ахлакты, ыймандуулукту, кайрымдуулукту, сабырдуулукту даңазалоо менен адамдын асыл сапаттарын артырып, коомубузду туура жолго багыт көрсөткөндүгү үчүн берилди.