Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов облустагы баш имам хатибтерге жыйын өткөрдү

Бүгүн, 19-июнь күнү Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов облустагы баш имам хатибтерге жыйын өткөрдү. Жыйын Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында өтүп, ага казыят кызматкерлери жана облустагы имам хатибтердин бардыгы катышты.

Иш-чара алкагында Руслан ажы Жумагулов, ар бир имамдан кырдаалга байланыштуу КМДБ тарабынан бекитилген мечитке келип-кетүү тартиптери туурасында отчет алып, эртеңки өтө турган жума намаз учурунда да, тартиптерди так сактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруу тапшырмасын берди.

Ар бир имамга айыл өкмөт, санэпидемстанция жана жергиликтүү милиция кызматкерлери менен тыгыз мамиледе иш алып баруусун баса белгилеп, ар бир мечитте санитардык көзөмөл бекем аткарылышын көзөмөлдөө буйругун берди.

«Эң негизгиси бизден, мусулмандар тараптан эч кандай кемчилик кетпесин. Мечиттерди башка жерлер менен салыштыруу туура эмес. Мындан мурун деле мечиттерибиз таза эле. Эми мындан ары да бардык талаптарга жооп берип, санитардык көзөмөл күчөтүлсүн. Жалпы журтка жумшак түшүндүрүп, жергиликтүү санэпидемстанция жана милиция кызматкерлери менен тыгыз иштегиле. Мечиттерибиздин ачык бойдон калуусу ар бирибиздин колубузда», — деди Чүй облусунун казысы.

Эске сала кетсек, 8-июндан тарта мамлекетибиздеги мечиттердин иштөөсүнө уруксат берилген. Учурдагы кырдаалаг байланыштуу КМДБ тарабынан бир канча талаптар коюлуп, учурда мечитке келип-кеткендердин бардыгы имамдардын көзөмөлүндө.