Чүй облусундагы борбордук мечиттер жума намазга карата дезинфекцияланууда

Чүй облусундагы борбордук жума окула турган мечиттер бүгүнкү жума намазга карата дезинфекцияланууда. Ошондой эле Чүй казыятынын тапшырмасы боюнча ар бир мечит имамы жергиликтүү ыктыярчылар менен биргеликте КМДБ тарабынан убактылуу бекитилген талаптарды мечитке келген жарандардын аткаруусу ыңгайлуу болуусу үчүн атайын иш-чараларды алып барышууда.

Жамаат көп топтолгон мечиттерде атайын сүйлөшүүлөр жүрүп, жергиликтүү милиция кызматкерлери тартиптердин так сакталуусун көзөмөлдөөгө жардам беришүүдө.

«Айрым жерлерде айыл өкмөт жана жалпы элдин коопсуздугун ойлогон мекендештерибиз мечиттерге дезинфекциялоочу каражат жана бет каптарды алып берип жатышат. Кудай Тааламдын жардамы менен буюрса алдыңкы жума намаздагындай эле бүгүн да бардык талаптар так аткарылып, элибиз түшүнүү менен кабыл алат деп ишенебиз»,-деди облустук казыяттын маалымат кызматынан.

Эске сала кетсек, 8-июндан тарта мамлекетибиздеги мечиттердин эшиктери ачылып, жаамат менен намаз окууга уруксат берилген. Бирок, жалпы элибиздин коопсуздугу үчүн КМДБ тарыбынан убактылуу атайын талап жана сунуштар бекитилип, бүгүнкү күнгө чейин ал талаптар бекем сакталууда.