Самидин кары Атабаев КМДБ тарабынан көрсөтүлгөн талаптарды так аткаруу боюнча эскертүүлөрдү берди

18-июнь күнү Ош облусунун мусуламандар казыятында райондун башкы имам хатибтерине жыйын болуп, анда жума окуулуучу мечиттерде Муфтият көрсөткөн талаптарды так аткаруу маселеси каралды.

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев КМДБ тарабынан көрсөтүлгөн талаптарды так аткаруу боюнча райондун башкы имам хатибтерине тапшырмаларды берип, бул жаатта ишине кайдыгер мамиле кылуучуларга катуу чаралар көрүлөөрүн эскертти.

«Карантинден кийинки алгачкы жума намаздарыбызда Муфтият көрсөткөн талаптар так аткарылган эле. Жаратканга шүгүрлөр болсун эми болсо моминтип экинчи ирэт жума намазын окуу үчүн даярдыктарды көрүүдөбүз», — деди облуус казысы Самидин кары  Атабаев.

Эске салсак, Республикалык ыкчам штабтын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 2020-жылдын 8-июнунан баштап мечиттерди жана намазканаларды санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке киргизилген.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума  намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР:  

  1. Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү  жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
  2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.
  3. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.
  4. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
  5. Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
  6. Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

  СУНУШТАР:

  1. Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.
  2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.
  3.  Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү.
  4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.