Талас шаарынын борбордук мечитинде бардык талаптарды сактоо менен жума намазы окулду

Бүгүн, 19-июнда Талас облусунун аймагындагы мечиттерде санитардык талаптардык так сактоо менен жума намазы окулду.

Мечитке келген ар бир жаран атайын атисептикалык каражатты колдонуп, бет кап тагынып, аралык 1,5 метрди түздү.

“Айтылган тартиптерди эске алуу менен мечиттердин ичи жана  даарат алуучу жайлар  хлор менен тазаланып, терезелер желдетилип, бардык талаптарды так сактоо боюнча келген жамаатка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз”, -деди борбордук мечиттин имамы Сыдыков Касым ажы.