Ош облусунун борбордук мечитинде Муфтият көрсөткөн талаптар так сакталды

Бүгүн, 19-июнь жума күнү Ош облустук мусулмандар казыятынын борбордук мечитинде облус казысы Самидин кары Атабаевдин катышуусунда жума намазы Муфтият көрсөткөн талаптарды так сактоо менен окулду.

Анда облус казысы Самидин кары Атабаев мечит менен базардагы эрежелерди салыштырбоо керектигин баса белгилеп, жергиликтүү жамаатты КМДБ тарабынан көрсөтүлгөн талаптарды так сактоого чакырды.

«Мындай оор күндөрдүн башыбыздан тез арада өтүүсүн Жараткандан тилеймин. Ооруну алдын алууда ар бир жаран айтылган эрежелерди так сактоо керек», — деди  Самидин кары Атабаев.