Азирети Муфтий КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал боюнча пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Нарын облусуна болгон иш сапырынын алкагында  КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал боюнча пикир алышты. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  аймактарды өнүктүрүү жылындагы  облустук администрация тарабынан аткарылган иштер,  мечиттердин каттоосу, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, аймактагы инфрастуктуранын өнүгүп жаткандыгы боюнча маалымат берип,  бул жетишкендиктер элдин колдоосу менен болуп жактандыгын билдирди.

Ал эми Азирети Муфтий  Максатбек ажы Токтомушев облус жетекчисине ыраазычылыгын билдирип, дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматташуусунун натыйжасында ар кандай терс диний агымдарга бөгөт коюлуп, коомчулук, жаштар туура жолго түшүп жаткандыгын билдирди.