Азирети Муфтий Нарын мамлекеттик администрациясында өткөн жыйынга катышып, дин кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев облустук администрациянын жыйындар залында имамдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлгөн жыйынга катышты. Жыйын аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулуп, облус жетекчиси өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ар бир атуул өзүнүн салымын кошуу менен келечек муундарга жакшы тарбия бериш керек экендигине токтолду. Мунун менен катар ал коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоодо имамдар укук коргоо органдары менен биргеликте иш чараларды өткөрүп, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү маанилүү экендигине токтолду.
Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев аймактарды өнүктүрүү жылында элдин руханий маданиятына көңүл буруп, ысырапкерчиликти токтотуу, коррупцияны түшүндүрүү жолу менен жок кылуу, улуттардын ортосундагы мамилени чыңдоо, айлана-чөйргө көңүл буруу, тазалыкты сактоо, имамдардын диний билимин жогорулатуу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу боюнча баяндама жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Муну менен катар жолугушуу учурунда Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Жакшылык ажы Борочоров жаштар арасында орун алган суицид жана талап-тоноочулукту токтотуу, имамдардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча өзүнүн пикирин билдирип, Аалымдар Кеңеши тарабынан план-программалар иштелип жаткандыгын белгиледи.