Катардагы мугалим болуудан баштап, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарына чейин жеткен Байтейитов Тажибай Зикировичтин өмүр таржымалы

Байтейитов Тажибай Зикирович 1973-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунда төрөлгөн.

БИЛИМИ:

Орто мектепти Саргой айылдык орто мектептен аяктаган. Орто мектепти окуп жүргөн учурда эле айылдык молдодон диний билимдерди окуй баштаган.

-1993-1998-ж.ж. Ош шаарындагы «Абдыжапар» атындагы Ислам институтунун бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

1998-2000-жылдары «Абдыжапар» атындагы Ислам институтунда окутуучу.
-2000-жылдан тартып «Абу Бакир» мечитинде имам.
-2000-2004-жылдары «Азирети Умар» Ислам институтунда мугалим.
-2004-2009-жылдары Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Талас облусу жана Токтогул району боюнча ишенимдүү координатору.
-2009-2014-жылдары Бишкек шаарындагы «Абдуллах ибну Масьуд» диний окуу жайында мугалим.
-2014-жылы Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары.
-2015-2016-жылдары Кыргызстан Ислам университетинде окутуучу.
— Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин V жана VI чакырылышынын мүчөсү.

Байтейитов Тажибай Зикирович бүгүнкү күндө Эл аралык фонддор менен тыгыз кызматташып, өлкөбүздүн булуң-бурчтарына ар кандай социалдык мекемелерди жана мечиттерди курдурууга өз салымын кошуп келет.

Үй-бүлөлүү, 6 перзенттин атасы.