Чүй облусу боюнча жума намазы санитардык эрежелерин так сактоо менен окулду

Пандемиядан улам жабык турган мечиттер ачылгандан бери, бүгүн 19-июнь күнү Чүй өрөөнүндөгү мечиттерде экинчи ирет жума намазы окулду.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу жума намаз адаттагыдан бир аз айырмаланып, КМДБ тарабынан бекитилген талаптар жана сунуштар сакталып, эрежелер эске алынды.

Чүй облусуна караштуу райондук хатибияттардын берген маалыматтарына ылайык, жума намазына келген жарандардын дене табы өлчөнүп, бет кап менен гана мечиттерге киргизилди. Андан соң сапка тургандардын аралыгы 1,5 метрди түзүп, адаттагыдай узун баяндар айтылбастан, бир канча мүнөт гана тартипке баш ийүү жана санитардык тазалыкка көнүл бурууга басым жасалды.

Чүй казыятынын тапшырмасына ылайык, эл көп чогулуучу борбордук мечиттерде жергиликтүү милиция кызматкерлери менен биргеликте, намазга келген жарандарга түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулган. Ошону менен катар, ар бир мечитте ыктыярчылар имамдарга жардам беришип, акысыз бет кап жана санитардык каражаттарды тараткан мекендештерибиз да болду.

«Аллахдын каалоосу менен, облустагы мечиттерибизде жума намазы талаптарда эске алуу менен окулду. Албетте, беш кол тең эмес дегендей, эл арасында терс кабыл алган жарандарыбыз да болуп жатат. Аларга жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери менен түшүндүрүү иш-чаралары болуп, одоно тартип бузгандар катталган жок. Элге эң негизгиси ынтымак жана саламат жашоо керек. Абалды туура түшүп, талаптарга баш ийген жана алар үчүн кызмат көрсөтүп жаткан имамдарга, ыктыярчы жана бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыгыбызды билдиребиз», — деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов.