Мукадас ажы Кожониязов: Мечитке келгендер тарипке көнүп калышты

Кечээ, 19-июнда Баткен облусу боюнча пандемиядан улам экинчи ирет жума намазы окулду. Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында  бардык санитардык талаптарды так сактоо менен жума намазы уюштурулду.

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Кожониязов Мукадас ажынын айтымында, учурдагы кырдаалга байланыштуу келген жамаатка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Жаратканыбыз насип этип, бүгүн жума намазын жагымдуу маанай менен өткөрүп алдык. Баткен облустук казыяты көрсөткөн мечитке кирүү тартиби бекем сакталып, бул эрежеге баш ийгендер акырындык менен көнүп калышты»,-деди Мукадас ажы Кожониязов.