Нурдин ажы Мамасабиров: Санитардык эрежелерди сактоодо мечиттер үлгү болушу керек

Кечээ, 19-июнда Баткен облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров Баткен районунун Бужум айылындагы борбордук мечитте намазга келгендерди тартипке чакыруу менен санитардык эрежелерди сактоодо мечиттер жана момун мусулмандар  үлгү көрсөтүү керектигин айтты.

«Урматтуу мечит кызматкерлери жана мечитке келген жарандар дүйнө эли башынан оор сыноону өткөрүп жаткан кези. Албетте бул Жараткандын каалоосу менен болуп жаткан иш. Бул илдеттен ынтымак, сабырдуулук менен бекем тартипке баш ийүү аркылуу арылабыз. Ошондуктан  биз башкаларга үлгү болуу менен өзүбүздүн ден соолгубуз үчүн эрежени так аткаралы»,- деди Нурдин ажы.

Белгилей кетсек, өлкөдө 8-июндан тартип мечиттердин ишмердигине уруксат берилип, төмөнкү шарттарды сактоо талап жана сунуштарды сактоо  талап кылынган.

ТАЛАПТАР:

Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.

Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.

Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.
Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

СУНУШТАР:

Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.
Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.
Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү.
Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү