Базар-Коргон районунда жума намазы талаптагыдай окулду

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук хатибиятында жума намазы Муфтият көрсөткөн талаптар жана эрежелер эске алуу менен окулду.

Райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков хатибият кызматкерлерин жарандардын коопсуздугун, мечитке кирүү тартибин келгендерге эскертип берүү боюнча кызматтарды бөлүштүрүп берди.

“Ак Тайлак ата” жума мечити райондун борборунда жайгашкандыктан мечиттин аянты да жамаатка толду. Хатибият кызматкерлери ар бир келген адамга көңүл буруп, колдоруна антисептик каражаттарды колдонуп анда соң мечитке киргизилди. Жума намазыбыз эрежелерди жана талаптарды сактоо менен жакшы өттү. Элибиздин салакматчылыгын, мамлекетибиздин тынчтыгын сактоо ар бирибиздин милдетибиз”,- деди Тынчтыкбек ажы.