Талас облусунун райондорунда санитардык талаптарды аткаруу менен жума намазы окулду

Буга чейин Муфтият тарабынан Кыргызстандын бардык мечиттеринде пандемиядан улам жарандардын коопсуздугун, саламаттыгын алдын алууда мечитке келген жарандардын санитардык талаптарды дыкат аткаруу зарылдыгы дин кызматкерлине жүктөлгөн.

Мындан улам Талас облусунун Талас району, Бакай – Ата, Кара – Буура жана Манас райондорунун  жума окулуучу мечиттеринде дагы айтылган эрежелер так сакталып, мечитке келген ар бир жаран антисептикалык каражатты колдонуп, бет кап тагынып, аралыктары 1.5 метрди түздү.

Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев келген жамаатка айтылган эрежелерди туура түшүнүү менен кабыл алууга жана коомдук жайда дагы өздүк гигиенага көңүл бурууга чакырды.