Аалымдар Кеңешинин ардактуу мүчөсү Кимсанбай ажы Абдурахмановго Президент Сооронбай Жээнбековдун энчилүү сааты жана куттуктоосу тапшырылды

Бүгүн, 20-июнда Кыргызстандын тунгуч Азирети Мифтийи, Аалымдар Кеңешинин ардактуу мүчөсү Кимсанбай ажы Абдурахмановдун 80 жылдык мааракесине карата Президент Сооронбай Жээнбековдун энчилүү сааты жана куттуктоосу тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу иш-чарасына Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, КР Дин Иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышты.

Өз учурунда Кудайберген Базарбаев Кимсанбай ажынынын 80 мааракеси менен Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун айтып, анын Кыргызстан гана эмес Борбор Азияда мыкты шакирттерди тарбиялып, Исламдын салттуу баалуулуктарын даңазалап, Кыргызстанда тунгуч медресени ачып, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатка кошкон салымын баса белгиледи.

Ал эми КР Дин Иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Кимсанбай ажынын Кыргызстан мусулман коомчулугунун өнүгүшүнө зор салым кошуп, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгын биринчилерден түптөп, Муфтийлик кызматта турганда бир катар алгылыктуу жумуштарда аткарганын айтып, белектерин тапшырды.

Сөз соңунда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кимсанбай ажынын 80 жылдык маарекеси менен дагы бир жолу куттуктап, дайыма акыл насаатын айтып, төрүбүздүн көркү болуп, акыл насаатын айтып жүрө берүүсүн тилеп, дуба кылды.

“Биздин бактыбызга дайыма акыл-насаатыңыз менен бизди туура жолго жолдоп жүрө бериңиз. Алла Таалам сиздин өмүрүңүзгө, ден соолугуңузга, ырыскыңызга, бала чакаңызга береке берсин. Дагы бир ирет Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан 80 жылдык мааракеңиз кут болсун! Сизди жана үй-бүлөңүздө жакшылыктар болсун”,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.