Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев КР ДИМКнын ыраазычылык каты менен сыйланды

Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епискобу Даниилди жана “Адеп Башаты” диний уюмунун жетекчиси Автандил Жусупбековду өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими учурунда муктаждарга кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР ДИМКнын ыраазычылык каты менен сыйлады.

Ошондой эле директор З. Эргешов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Мутакалим” коомдук фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызына алкыш баракчасын тапшырды.