КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Москва жана Волгоград шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушуп, алардан кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы мекендештерибиз менен жолугуп, алардын ал жайынан кабар алды.

Жолугушууда КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлү мекендештерибизге үй-бүлөнүн бүтүндүгү, жаштардын ынтымагы жана аларды ар кандай азгырыктардан оолак кылуу, Ислам дининин баалуулуктары жана ата-энеге, мекенге кызмат кылуу боюнча баяндамасын жасап, бул жааттагы иштерди мындан ары биргеликте алып баруу боюнча бир пикирге келишти.

«Ислам дини тынчтыкка, биримдикке жана ар дайым билимдүү болууга үндөйт. Келечектеги жаштар ары билимдүү, зирек жана кайрымдуу болушу маанилүү. Андыктан ааламдашуу доорунда бардык технологияны өздөштүрүп, эң оболуу мекенибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошолу»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Жолугушуунун соңунда КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлү кандай гана суроо жаралбасын расмий дин кызматкерлерине жана КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлүнө кайрылууга чакырды.

Ушундай эле  мекендештерибиз менен болгон жолугушуу Волгоград шаарында дагы уюштурулду.