Таш-Көмүр шаарында тажыяга кеткен каражатты жол оңдоого жумшашты


Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик айыл округунун  имамы  Алтынбек Тагаев айыл эли үчүн чоң үлгүлүү иш жасады.

Жакында эле анын атасы Закир ажы Тагаев дүйнө салгандыктан анын тажыясында эл чогулуп, дасторкон жайылып, мал союлган жок. Ага кеткен каражатка Алтынбек молдо туугандары менен биргеликте кеңешип, ашыкча ыксыз чыгымдарга жол бербестен айылдагы «Айданек» балдар бакчасына бара турган 1 чакырым жолго шагыл төшөп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

“Биз бир туугандар кеңешип, эл арасына тарап кеткен  бейшембелик, үчүлтик, жетилик, кыркылык, айттык жана башка ырым жырымдарды токтотуп, ага кеткен каражатты айылдагы эң көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Курандын сообу ушундай жумуштар аркылуу өтө берээрин жергиликтүү элге өзүбүз үлгү бололу деген максатта бул ишти колго алуудабыз»,-деди Алтынбек Тагаев.