Баткенде Өзбекстандан келген делегациянын катышуусунда «Чындыгында, ыймандуулар бир тууган» аталышындагы жолугушуу өттү

Бүгүн, 25-июнда Баткен облусунун Кадамжай шаарында  Өзбекстан Республикасынан келген  делегация менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун алкагында коңшулук мамилени чыңдоо, эки өлкөнүн мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы сабырдуулукту жана толеранттуулуктуу бекемдөө максатында “Чындыгында, ыймандуулар бир тууган” аталышындагы темада семинар өтүүдө.

Жолугушуунун максаты диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо, коомдогу туруктуулукту сактоо, улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле мамлекеттер аралык диалог үчүн платформа куруу процессинде диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун жогорулатуу.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфийи Максатбек ажы Токтомушев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитетинин төрагасы Абдугофур Ахмедов жана Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Муфтий Усмонхан ажы Алимов катышууда.

Иш-чарада санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталды.