Талант ажы Сабриков ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дейшин айылында Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриковдун жергиликтүү эл менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Талант ажы жалпы элди ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырып, маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарга, аш-тойлорду оздуктоого убакыт келгенин баса белгиледи.

“Алла Таала ысырапкерчилик кылууга тыюу салган. Биз мусулмандар башкаларга үлгү болуш үчүн ашыкча чыгымдарга жол бербей, ага кеткен каражатты өзүбүздүн айылда чечилбей жаткан элдин социалдык маселесине жумшайлы»,-деди Талант ажы.