Каракол шаардык мэриясы мечиттерди каттоодон өткөрүүгө жардам берет

Кечээ, 25-июнда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриковдун демилгеси менен Каракол шаарынын мэри А.Ж Каныметов дин кызматкерлерин кабыл алды.

Жолугушууда каттоосу жок мечиттерди тезинен каттоодон өткөрүү маселеси каралып, мэрия бул жаатта көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Каракол шаарында катоодон өтө элек  6 мечит бар. Жакынкы күндөрү мечиттин документ иштери иретке келип, жыл аягына чейин толук каттоодон өткөрүлмөкчү.