Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Ынтымак, бардыгынан маанилүү

Бүгүн, 26-июнда Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун  Сох районунда  Кыргызстандан келген  делегация менен жолугушуу өттү.

Жолугушуу алкагында «Динибиздин жана мазхабыбыздын биримдиги үчүн ынтымакта  бололу» темасында баарлашуу жүрүп, эки бир тууган элдин ынтымагы, биримдиги жана эки мамлекеттин дин башкармалыктарынын ортосундагы достук алакалары боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев «Ырыс алды-ынтымак» темасында баяндамасын жасап, Орто Азия эли эзелтен Ханафий мазхабын бекем кармап, ынтымакта өмүр сүрүп келгендигин баса белгиледи.

«Ынтымак, бардыгынан маанилүү. Эки бир тууган элдин базары, мазары бир болуп, бири-биринен  куда-сөөк күтүп келишкен. Кошуналык мамилени бекемдеп, достугубузду күчөтөлү. Динибиздин жана мазхабыбыздын биримдиги үчүн ынтымакта  бололу»,-деди Азирети Муфтий.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитетинин төрагасы Абдугофур Ахмедов жана Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Усмонхан ажы Алимов катышууда.