Ниязали ажы Арипов: Коронавирус деген жугуштуу илдет бар! Буга ишенбестик кылбаңыз!

Илдетке кабылгандардын саны бир күндө 43кө жеткенде пик деп жаттык эле. Бүгүнкү күнгө карата 250, ал сандан алда канча эселеп ашып кетип жатат. Оболу бул илдеттин бар экенине ишенип, алдын алуу эрежелерин тыкыр сактайлы.

Күрөштүн куралы жөп жөнөкөй:
Маска, аралык, антисептик жана колду жууп туруу!

Өмүр жана келечек үчүн күрөшүү, Алла Тааланын алдындагы парзыбыз!

Зарыл болуп, барып калган жайларга отураардан мурда колду самындап жууңуз, сүннөт да болот. «Башкалар кандай ойдо калат»- деп чочуп же уялбастан эле «менин сизге зыяным тийип калбасын»-деп тийиштүү нерселерге антисептик себип, залалсыздандырып туруңуздар!

Унутпайлы! кудуреттүү Алла Таала ар бир дарттын дабасын сөзсүз берген! لكل داء دواء
Жашоонун мыйзамы, Жараткан тарабынан «Өзүң аракет кылып сактан, мага тобокел кыл. Анан мен жардам берип сактаймын»- деп түзүлгөн! وان ليس للانسان الا ما سعي