Талас шаарында жардамга муктаж 7 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү

Талас шаарындагы “Умму – Арраййан” мечитинин имамы Алмаз Осмоналиев менен Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпировдун катышуусунда калаада батирде күн кечирген жардамга муктаж үй-бүлөлөргө мин сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.

Кайрымдуу инсандар тарабанына чогултулган каражат жалпы 7 үй-бүлөгө жеринде таратылып берилип, мындай кайрымдуулук иштери дагы уланмакчы.

“Бүгүнкү жардамды шаарыбыздагы муктаж деп табылган 7 үй – бүлөгө бердик. Кудай буйруса мындай жардамдар токтоп калбайт, дагы уланат. Көрсөткөн жардамга демөөрчүлүк кылгандарга чын жүрөктөн ыраазычылык айтып, аларга Алла Тааламдын атынан жакшылыктарды тилейбиз”, — деди Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпиров.