Караколдо жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусунда садака-битирдин эсебинен чогултулган каражат жардамга муктажардарга таратылып берилүүдө. Анын арасында Каракол шаарында жашаган колу жука үй-бүлөлөргө таратылып берилди. Бул тууралуу Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков билдирди.

Анын айтымында, быйылкы чогултулган битир-садакадан 20 үй-бүлөгө 1 000 сомдон, жалпы суммасы 20 000 сом акачалай жардам көрсөтүлдү.   

“Жетимдин маңдайынан сылоо, муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман бир туугандын зарылчылыгын бүтүрүү, жакырларга жумшак болуу ж.б сыяктуу амалдар өтө сооптуу жана таалим- тарбия багытында да таасирдүү амалдар. Колубуздан келишинче кайрымдуулук иштерин дагы да уланта бермекчибиз”,-Талант ажы.